Жылдызкан Джолдошова: «Бийлик төбөлдөрү тез арада кечирим сурасын»

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева гейлердин жүрүшүнө карата бийлик төбөлдөрү кыргыз элинен кечирим сурашы керектигин айтты. Мындай пикирин социалдык баракчасына жазып чыкты.

Урматтуу кыргыз элим, «кыргыз» деп соккон жүрөгүңөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. 8-март күнү болуп өткөн гейлердин митинги кыргыз элинин тарыхый инсаны Курманжан Даткага, улутубуздун каада-салтына, үрп-адатына, баш кийимибиз ак калпакты ж.б. баалулууктарыбызды шылдыңдоо менен, кыргыздын келечегине кол салышты. Кайдыгер болбой, кыргыз улутунун бийиктигин сактоого ФБ аркылуу болсо дагы өз оюңарды ачык жазганыңар, бул да чоң күрөш, терс көрнүштөргө… Курманжан Датка фонду КР Президенти С. Ш Жээнбековго, УКМКнын жетекчисине, Бишкек шаарынын мэри А. Э. Суракматовго кат жолдойбуз. Кайсы мамлекеттик эмес уюм уюштурду, максаты эмне, бул акция кимге каршы уюштурулду? Күнөөлүүлөр жоопко тартылып, кыргыз элинен бийлик төбөлдөрү кечирим сурабаса, анда «кыргыз элинин тарыхынан, үрп адат, салтынан-колуңду тарт»-деген митингтер, акциялар, талаптар улана берет, деп билдирди Жылдызкан Джолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу