Жолдубаевага тузак тартылып жатат…

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов: «Башкы прокурор убагында кылмыш ишин козгоп бергенде Шадиев качмак эмес», – деп жыландын башын чыгарды. Буга дейре дал эле ушундай пикирди УКМКнын башчысы Идирис Кадыркулов айткан. Мындай пикирлер жөн жеринен кайра-кайра айтылып жаткан жок. Бул деген мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага карата тузак тартылып жатканын айгинелейт. Демек, жакынкы аралыкта Жолдубаеванын мойнуна сыйыртмак ыргытылышы мүмкүн. Эгер эле «карга карганын көзүн чокубайт» деп Башкы прокуратура коргоп калбаса… Бирок башкы прокурорлор бири-бирин сатып келгенин эске салсак, Өткүрбек Жамшитов Жолдубаевага убагында Саляновага, Элмурза Сатыбалдиевге Салянова иш козгосо, Байтемир Ибраев Нурлан Турсункуловго кылмыш ишин козгогон.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу