Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жыл кыйла сынаакы мезгили болгонун, Өкмөттүн дарегине кыйла ачуу сындар айтылганын, Өкмөт муну туура кабыл алып, оӊ жыйынтык чыгаруу аракетинде болгонун белгиледи. «Өткөн жылы Өкмөт өтө оор шартта иштегенине карабастан, экономикалык өсүш камсыз кылынды. Мында кыргыз парламентинин да кошкон салымы бар. Өкмөттүн башкы милдети макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, калк турмушун жакшыртуу, анын Өкмөткө карата ишенимин бекемдөө болуп саналат», — деди ал. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын берген маалыматына караганда, 2018-жылы экономикалык өсүштүн оң көрсөткүчтөрүнүн сакталышы негизги натыйжа болду. Экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайызга ашкан. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 557,1 млрд сомго жетип, реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, иш жүзүндөгү өсүш 103,5 пайыз болду. “Экономикабыз “Кумтөргө” байланып калган экен, менимче бул чоӊ жаӊылыштык болон, муну оӊдошубуз керек”, — деп кошумчалады ал.

Экономикалык өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде түзүлүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүшү боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болду. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.

Суроо-жооп жүрүшүндө депутаттар тарабынан өткөн жылда кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен, өлкөнүн экономикасын көтөрүп, карапайым калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү, өлкө экономикасына инвестиция тартып, башталып калган ири долбоорлор менен программалардын ишке ашуусун камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу, анын ичинде коррупциялык жосундарды жоюу, кадр тандоо чараларына көбүрөөк көӊүл буруп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Талкуу жыйынтыгында Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп тапты. Республикалык бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу максатында, Өкмөткө кошумча каржы булактарын таап, бюджет тартыштыгын кыскартуу, инфляцияны төмөндөтүү, ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын позициясын бекемдөө, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу жаатында бир катар тапшырмалар менен сунуштамалар берилди.

Ал эми коалиция башчысы Иса Өмүркулов Өкмөттүн 2018-жылдагы иши тармактык комитеттердин, парламенттик фракциялардын, Жогорку Кеӊештин жыйындарында да карала турганын эске салып, депутаттарды ошол талкууларга да жигердүү катышып берүүгө чакырды. Ал эми Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн 2018-жылы аткарган ишине негизинен оӊ баа берилгени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясынын бүгүн, 12-апрелде өтүп жаткан жыйынында КР Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету угулду. Жыйынга депутаттар, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу