ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековго

Качан болсо чындыкты айтып какшайсың, Калп эмес ээ, сен бийликке жакпайсың. Колдоп алар элиң турат артыңда, Коркпой чыйрал, тил азабын тартпайсың. Болбойт заары бетке айткан чындыктын, Болжолдошкон тар чөйрөгө батпайсың. Жаман көрсүн бирок сени эл баалайт, Жалган сүйлөп жалаа деле жаппайсың. Кыргыз үчүн казык кылдың карууңду, Кылыч сунса башыңды ала качпайсың. Кубанып күлүп олтурдум, Кубанычым батпайтериме. Кулактын канып кумары, Куюлушту айткан кебиңе. «Оо койчу ошол ким?» — дешип, Албагандар бардыр теңине. Ушакка бурба көңүлдү, Укканда көктөп, жерибе. Догумду деле артпаймын, Достошуп кетсем эмне. Атадан артыкуул сенсиң, Айтканың кубат элиңе. Ден соолук берсин, көп жаша, Дем кошсун Кудай демиңе.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу