Жегендер кусабы?

Биринчи Май райондук соту Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраевди эки айга камоо чечимин чыгарды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 306 («Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу»), 189 («Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн татибин кыянаттык менен бузуу») беренелери боюнча айып тагылган. Сот чечимине ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат. УКМКнын маалыматына караганда, ал Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдоо үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн. Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сомду которгон. Мамлекеттен акча коротулганы менен ал көпүрө салынган эмес. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу