“Жаш, тажрыйбасы жок” деп чанды…

“Жашыл чарба” агрохолдингинин негиздөөчүсү жана башчысы Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигине өз талапкерлигин коюп тилеги орундалбай калды. Ал түз эле министр болгусу келгенин, андан башка кызматка барбасын айтып: “Себеби мен жана өлкөнүн фермерлери өлкөдө кайсы бир өзгөрүүнү күтүүдөн тажады. Менде реформа жүргүзүүгө негиздүү көз караш бар” — деп жар салды. Токтагазиев 29 жашта. Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны “жаш, тажрыйбасы жок” деп жактырбай койду. Ошол эле кезде бажасынын баласы 300 миң сомдон айлык алып, жогорку кызматта иштеген. Коомдогу чырдан кийин иштен кеткен. Балыкчынын мэри 25 жашта. Эл өкмөт башчынын логикасын кызыкчылыкка жараша иштейт деп сынга алышты.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу