Жаш баланы күндүн ысыгынан кантип коргоо керек?

Жаш балдарга күндүн ысыгы өтүп кетүү көпчүлүк учурда ата-энелердин күнөөсү менен болот. Күн абданысык болуп жатканда, баланы абдан ысык кийиндирүү жана ага синтетикалык кийимдерди кийгизүү болбойт.

Өзгөчө түштө күн абдан ысыган маалда балдарды эшикке алып чыкканга болбойт. Колдон келсе эс алдырууга эртең менен жана кечинде алып чыгыңыз жана башына сөзсүз баш кийим кийгизиңиз.

Балага күндүн табы өтүп кеткендигинин белгилери

-Баланын териси абдан ысык жана кургак болуп калат

-Бала тынбай суу сурап калат

-Жүрөк бат согот

-Баланын башы ооруйт

Алгачкы жардам

Эгерде балага күндүн табы өтүп кетсе, анда аны дароо салкын жерге алып барып, сууланган сүлгү менен ороңуз. Мындан сырткары балага бир литр сууга эки чай кашык туз кошуп, туздуу суу ичириңиз.

Күнгө күйүү (Солнечный ожог)

Күн нуруна бала узак убакыт калганда, ал күнгө күйүп калуу мүмкүнчүлүгүнө кабылат. Анын белгилер төмөндөгүчө:

-Бала абдан чарчаңкы болуп, түн ичинде уйкусу бузулуп жана тамакка болгон табити жоголот.

-Терисинде кызаруу байкалат жана баланын дене табы көтөрүлөт

Алгачкы жардам

-Баланы күнгө чыгарбай, жалаң гана суюктук берүү кажет

-Денеде пайда болгон кызыл көрүнүштөргө, балдардын кремин же оливка майын сүйкөө керек.

БУЛАК: zaman.kg



Сиздин пикир