Дилбар Райымбекова, ырчы: «Жолдошум эркек төрөп бересиң деп зер буюм сатып берген…»

Мен кош бойлуу болгонумда биринчи күндөн баштап катуу талгак болуп жатып калам. Тамак да жасай албай калам,’ андайда туура түшүнүп баарын өзү жасачу. Биринчи кызым боюмда бар экенин билгенимде Маратка айтсам аябай сүйүнүп, базарга алып барып кийим сатып берген. Өзүм жашмын да, көп нерсе билбейт элем, жолдошум болсо «муну жеш керек, бул витамин»- деп тамак-аш жагынан аябай кам көрчү. Жумушка кетип атып акча таштап кетчү, мен ит талгак болгонумдан көзүмө көрүнгөндүн баарын жегим келе берчү. Акчам түгөнүп калса карызга болсо да алып жечүмүн. Экинчи кызым боюмда болгондо УЗИден эркек деген, «атын Барсбек коём» -деп Мараттын кубанганын айтпа. Эркек төрөп бересиң деп зер буюм сатып берген. Бирок кыз төрөп койдум (күлүп).

БУЛАК:Леди.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу