Депутат Жапаров: «Парламенттин жыйынына келбеген өкмөт жетекчилери иштен кетсин»

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда «Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралар алдында жыйынга чакырылган өкмөт жетекчилердин өздөрү эмес, орун басарлары келгени сынга алынды.

Депутат Акылбек Жапарова комитетке чакырылган жетекчилер жыйынга келбесе жумуштан кетүүсү керектигин билдирди.

«Өкмөттүн жетекчилерин тартипке чакыралы. Бирөө тойдо, бирөө эс алууда. Карап коё берели деп атып парламенттин салмагын жоготуп жатабыз. Эки жолу биздин комитеттин жыйынына чакырылган министрлерди иштен алсын деп премьер-министрге депутаттар сунуш беребиз. Иштебесе кетсин! Иштейм дегендер толтура», — деди эл өкүлү.

Бул мыйзам долбоорун жыйында кароону тармактык комитеттин депутаттары күн тартибинен алып салышты.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу