Гүлзада Рыскулова, ырчы: «Күйөөм көп балалуу болгонду жакшы көрөт…»

Күйөөм көп балалуу болгонду жакшы көрөт. Андыктан кош бойлуу экенимди айтсам кубанып, мага жакшы кам көрө баштайт. Эң башкысы менин ар кандай кежирликтериме чыдайт. Кош бойлуу учурунда күйөөсүнө эркелеген жагынан мен биринчи орунда турсам керек. Мисалы, мен бал кошулган чайды жакшы көрөм. Үч баламда тең түн жарымында туруп алып да иччүмүн. Аны мага дайыма жолдошум даярдап келчү. Ичип көрүп кээде «өтө таттуу болуп кетиптир»- деп жактырбасам, кээде «анча таттуу болбой калыптыр» -деп кежирленем. Ошондон улам эки идишке жасап келчү болуп калган. Азыр балдарымды карашканга жардам берет. Үй-бүлө болгондон кийин эркек аялга жөлөк болуп, экөө бир адамдай болуш керек деп ойлойм.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу