Видео — Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат

Милиция кызматкерлери түкүрүнүп жатканын күбө видеого тартып алган.

Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты.

Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.

«Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат», — дешти ШИИБден.

Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган.

Булак: Спутник 

 



Сиздин пикир