Бул тесттен өтсөң, өзүң жөнүндө көп нерселерди биле аласың…

Кагаз менен калем даярдаңыз. Суроолорду кылдаттык менен окуп, жазуу түрүндө жооп бериңиз. Мүмкүн болушунча тез жооп бергенге аракет кылыңыз.

Акылыңызга эмне келсе, дароо ошону жазыңыз же тартыңыз. Ойлонбостон ошол замат жооп жазсаңыз, аң сезимиңиз менен байланыш кура аласыз. Кеттик анда!

Суроолор

Токойдо бирөө менен баратасыз. Бул ким?
Токойдо сейилдеп жүрүп, бир жаныбар көрүп калдыңыз. Ал жаныбардын кайсы түрү?
Аны менен көзмө-көз жолугушканда, реакцияңыз кандай болот?
Токой аралап жүрүп бир талаага келдиңиз. Ал жерде кыялыңыздагы үй турат. Көлөмүн сүрөттөп бериңиз.
Анын тегерегинде тосмо барбы?
Үйгө кирип, ашканасына багыт алдыңыз, стол турат. Үстүндө жана айланасында эмнелер бар?
Эшикке чыктыңыз, чөптө стакан же чөйчөк жатканын көрдүңүз. Ал кандай материалдан жасалган?
Аны менен эмне кыласыз?
Бул суроолорго болгон жооп сиздин баалуулуктарыңыз менен идеалдарыңызды көрсөтөт.

Кана эмесе жыйынтыгын билели

Сиз менен чогуу бараткан адам — бул жашооңуздагы маанилүү адам.
Элесткен жаныбардын көлөмү — ички көйгөйлөрүңүздүн өлчөмү болуп саналат. Ал жаныбар канчалык чоң болсо, жашооңуз ошончолук татаал.
Токойдогу күтүлбөгөн жолугушууга болгон реакцияңыз — маселелерди кантип чечериңизди көрсөтөт (агрессивдүү, пассивдүү).
Кыялыңыздагы үйдүн көлөмү — амбицияңыздын өлчөмү болуп саналат. Ал аябай эле чоң болсо, анда, жашоодон болгон күтүүлөрүңүз да өтө жогору.
Тосмо жок болсо, сиз ачык жана эркин адамсыз. Эгер бар болсо, анда жеке мейкиндикти баалайсыз жана башкалардан да ошону күтөсүз.
Эгер дасторкондо эч бир гүл, тамак-аш, адамдар жок болсо, анда сиз абдан бактысыз бирөөсүз.
Материал канчалык бекем болсо, үй-бүлөңүз менен болгон мамилеңизди да ошончолук күчтүү жана бекем кабыл аласыз. Айнек, кагаз же бир колдонулуучу стакан болсо, кыязы, үй-бүлөңүздүн келечеги үчүн тынчсызданасыз. Металл же фарфор болсо, анда кабатыр болуунун кереги жок.
Аны эмне кылганыңыз, биринчи суроодогу адамга болгон мамилеңизди көрсөтөт.
Бул тестти кайра-кайра кайталап өтсө болот. Эмоционалдык абалыңыз кантип өзгөрүп жатканын биле аласыз. Досторуңузга сунуштаганды унутпаңыз.

Кыргыз актерлорун бир көрүп тааный алам десеңиз, бул тесттен өтүңүз.

Кыргыз актрисалары боюнча тестти бул жерден таба аласыз.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу