Болбой жатып “Пок” илешкен депутат…

Президенттин жарлыгы менен быйылкы жыл “аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп аталды. Ага карата аймактарда ар кандай багыттагы иштер акырындан болсо да туура жолго коюлуп баштаганы чындык. Өзгөчө аймактардагы жолдордун оңдолушуна деп, Президенттин буйругу менен ар бир районго жылына 3

чакырым жердин жолун куруу каралган болчу. Тамтыгы кеткен биздин жолдордун азыркы абалдарынан улам, “келе мага” деп сунулган колдордон, айрым учурда адилеттик таппай калган жагдайлар деле көп орун алса керек.

Өткөн жылы мына ушул 3 чакырым жол куруу титулуна Талас районунан Чат базар айылынан 1,6 чакырым жери, Бердике айыл аймагынан 1,4 жер тилкеси кирип, оңдоо иштери башталганы айтылган.

Жакында Таласка иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков шайлоочулар менен жолугушуу учурунда, дал ошол жолдорду өзүнүн эмгеги, аракети катары карап, тийиштүү министрликке өзү киргизгендей айтканы кызык болууда. Ал турсун айрым басылмалар аркылуу да маалымат таратып, аты далайга кеткен “Жолчубектин” жоругун баштап, жол кургуч болуп кеткенине тиш кайрагандар бар экен. Өзүнүн жеке мээнети бар болсо да мейли, бирөөнүн эмгегинин артынан келген депутат Тариел Жоробековдун жоругуна баш чайкагандар чыгып, жакында жакадан алабыз дегендер да жок эмес дейт, Талас тараптан. Чындыгында ла жолдорду депутат Кенжебек Бокоев киргизип, далай кыйынчылыктар менен тартышып атып, Талас районуна алып бергенин да бизге айтышты.

Кызык эле болду. Сыягы, шайлоо келаткан окшобойбу. Эл алдына барганда эч нерсең жок болсо, куруганда кудай көзүн деле карабай калат окшобойсуңбу. Укканыбызга караганда, депутат Жоробеков ЖКга келгени маселе чечет деген ушул деп, Талас тараптагы баардык кызмат орундарына кийлигишип атат экен деген кеп кеткен. Акимди ары кой, береги билим, илим министрлигине тиешелүү болгон облустук мекемелерге чейин баш салып жибергенин уккандар, “кайран киши, көрбөгөндүн көргөнү курусун болуп аткан тура” дешип, айыл өкмөттөн ары бийлик көрбөгөнүн түшүнүү менен кабыл алышкан экен.

Эми минтип, эл ичинде сөз болуп, кимдер кошулуп маселени чечип, этеги элдин батасын алган ишке ээлик кылганын “мен жазадым” деп турганына дагы бир айран таңбыз.

Депутат дегендин калк ичиндеги кадырын мына ушулар ушинтип бузуп, калптын казанын кайнатып жатышса, дагы кай жерге барып токтоор экенбиз?

Баса, облусту жетектеп турган Марат Мураталиев дагы Таластагы бир топ революциялык коомдордун башын бириктирип, обл администрациянын ичинде кызыл чеке талаш менен аларды топтогону белгилүү. Ачык айтылбайт. Баягы эле шайлоо шарапаты. Элди ойлогон киши жок. Артында ким турганы да белгилүү эле. Аны да аз-аздан “ап” эткизип ооздоруна алдыраарбыз. Кызыгы,обл администрациянын ичине мамлекеттик эмес коомдук бирикмени түзүүгө, чогулуш өткөрүүгө андай укукту ким берди деген киши жок. Өкмөт башчыбыз Абылгазиевдин абалы бул болсо, анан ким эмне кылса өзү билет эмеспи. “Кетсинизмдер” келатат окшойт.

БУЛАК: Факты.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу