Бишкекте 26 жаштагы кыз сегизинчи кабаттан боюн таштады.

Бишкекте 26 жаштагы кыз сегизинчи кабаттан боюн таштап каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга чакыруу  11-мартта эртең менен түшкөн. Кыз алган жаракатынан улам каза тапкан. Туугандарынын айтымында ал көптөн бери депрессия менен жабыркап жүргөн.Буга чейин да жанын кыюуга аракет жасаган.

 БУЛАК: barometr.kg


Сиздин пикир