Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат.

11-мартта Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Анын айтымында, алгач 100 метр чучук жасоо пландалып, бирок буга чейин казак ашпозчулары андай узундуктагы чучук менен Гиннестин рекорддор китебине киргендиктен, аны дагы 10 метрге узартуу чечими кабыл алынган. «Бирок негизги көңүл бешбармакка бурулат. Азыр даярдык көрүп жатабыз – 8 жылкы союлат. Акцияга 40 ашпозчу катышат», — деди Кулуева.

Буга чейин активисттер бир тонна бешбармак жасоого ниеттенип жаткандыктары кабарланган.

Иш-чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектешиги» уюмдары уюштурууда. Алгач 5-мартка белгиленип, кийин 11-мартка жылдырылган иш-чарага Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү келет деп күтүлүүдө.

Иш-чаранын максаты – улуттук каада-салттарды пропагандалоо.

2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорддор китебине киргизилген.

Булак: «centralasian.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу