Белгилүү журналист Асланбек Сартбаев президент Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ жазды

Белгилүү журналист “АЗИЯnews” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев КР Президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жазды.

Төмөндө Кайрылуунун тексти толугу менен:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, учурдагы кырдаал боюнча сиздин айланаңыздагы адамдар өтө бейкапар маанайда экен, мен алар менен баарлашып көрдүм. Бүгүнкү күндө чечкиндүү кадамдарыңыз менен элибизге үмүт беришиңиз керек. Убагында Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы саясый чыңалууларга, толкундоолорго тоготпогондой мамиле жасашып, акыры аянычтуу көрүнүштөр менен бүткөнүн жакшы билесиз. Учурда курч кырдаал түзүлдү: Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөн Чотоновду эркиндикке чыгарыш керек. Моралдык, мыйзамдуулук, абийир жагынан да буларды түрмөдө кармап отурууга негиз жок. Элибиз да түшүнүп, көздөрү каныгып бүтүштү.

Эртеңки урпактарыбыз Текебаевди, Жапаровду тарыхый баатырлар катары баалашары, кыргыздын Нельсон Манделасы сыңарындай алаканга көтөрүп кетишсе кантесиз? Сиз, Сооронбай Шарипович, тарых алдында элибиздин сүймөнчүктүү уулдарын басынтып, Атамбаевдин саясатын улантуучу катары, анын күнөөсүн кошо көтөрүп, элге жек көрүнө баштадыңыз. Албетте, бул ачуу чындык. Андыктан, дос ачуу билдирген мисалындай менин кеңешимди угуп, саясый чечкиндүүлүк менен тез арада береги үч саясатчыны түрмөдөн бошотуңуз. Мыйзамдуу буйрук берсеңиз, алар эртең чыгышат. Болбосо кырдаал чыңалат, өлкөдө хаос болсочу?..

Кадырлуу Сооронбай Шарипович, эркиндиктин баасы теңдешсиз. Сиз бул жогорку баалуулукту президент жана ата катары түшүнүп, эң адилеттүү чечимди кабыл аларыңызга ишенем.

Сизди урматтоом менен Асланбек САРТБАЕВ

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу