Баш ооруну табигый даамдар менен айыктырыңыз!

Мээдеги тамырларды тазартуу, остеохандроз, атеросклероздун алдын алуу үчүн сиздерге төмөнкү кеңештерди сунуш кылабыз.

Бал менен грек жаңгагы

Беш даана грек жаңгагын алып аны 1 аш кашык табигый бал менен кошуп аралаштырыңыз. Ага бир чымчым корица менен имбирди кошосуз. Даяр болгон кошулманы бир канча убакыт муздаткычка салып коюңуз. Ал аралашманы күнүнө үч маал тамакка жарым саат калганда жеп туруу керек.

Пияздын ширеси менен бал

Алгач пияздын ширесин сыгып аласыз, аны стакандын үчтөн бир бөлүгүнө куюңуз. Анын үстүнө бир стакан таза бал кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон аралашманы тамакка жарым саат калганда бир чай кашыктан жеп туруу кажет. Мындай ыкма менен биз мээнин тамрыларын тазартып, иммунитетиңизди бекемдеген болосуз.

Анардын ширеси

Күнүгө тамакка жарым саат калганда жарым стакан анардын согун ичкен дагы баш оорунун алдын алат.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу