БАТУКАЕВ БАЯНЫНАН: ПЕШКАЛАР КАМАЛДЫ, ОФИЦЕРЛЕР КАЧАН КАМАЛАТ?

Мыйзамдагы ууру Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады. Буга чейин кызмат кылган “пешка” майда дарыгердин камалганы белгилүү болгон. Эми жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси бар делген дагы 2-3 офицер “катталардын” кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоң кызматты ээлеп турган. Ошол кездеги укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер министр Шамиль Атаханов, саламаттык сактоо министри Динара Сагинтаева жана Республикалык Кан борборунда убагында иштеген аксакал адам, илимий даражалары да кыйла экен. Бул адамдар азыр сурак берип жатышат. Себеби, алар Батукаевдин дартын аныктоого чоң салым кошушкан. Бирок, аларга жогорку жакта өкмөттүн деңгээлинде буйруктар болгонун да унутпашыбыз зарыл. Кыскасы, Батукаевди абактан чыгаргандар боюнча кызыктар али алдыда. Буйруса, баары ачыкка чыгат.

БУЛАК: Факты.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу