Батукаевди өлкөдөн качырган чиновниктер эмнеге тегиз жазаланбайт?

Кримтөбөл Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберишкен чиновниктер тегиз түрдө жазаланбай, алаланып атканы коомчулукта кызуу кеп болууда. Маселен, агездеги күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр Шамил Атаханов, саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева сыяктуу мурдагы чоңдор аз убакытка камалышып, эркиндикке чыгып кетишкен. ЖАМКнын экс-башчысы Зарылбек Рысалиев курортто жатканы кабарланды. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн качып кеткени айтылса, соттордун башында турган Феруза Жамашевага деле сөз тийбейт. Негизи Батукаевди Кыргызстандан чыгарууга аралашкан жогорку чиновниктердин баары тегиз жазаланса болбойт беле? Тилекке каршы, катардагы дарыгерлер менен Аида Салянова камалганы күмөн ойлорду туудурууда. Эмнеге баары укуктук талаада тегиз талданбайт? Эл карап турат да. Же бул жаатта тергөө тобу ынанымдуу негиздерди айта алышпаса, анда аягын кандай элестетебиз? Суроолор арбын. Жообу кана?

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу