Батукаевдин иши боюнча кезек эки министрге келдиби?

Мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулган кримлөк Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы эки министр камакка алынат. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди. Анда белгилүү болгондой, аталган иш боюнча тергөөгө чакырылган күбөлөр жана камакка алынган дарыгерлер жактан бул ишке жогору жактан мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаевалар тарабынан оозеки көрсөтмөлөр болгону белгилүү болду.

Ал арада Азиз Батукаевди бошоткон маалда ЖАМКны жетектеп турган Зарылбек Рысалиев да ММКларга маек берип, жогорку экс-министрлерди ал ишке тиешеси бар деп атады.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу