Баракелде Ташиев дебеске аргабыз жок

Башкасын айтпасак да Камчыбек Ташиевдин саясаттагы басыктарына далай ирет кайрылганбыз. Мындан ары карай деле бул киши боюнча талаш-тартыштуу кептер токтобойт. Анткени кандай болгон күндө да ал өз изин саясатка калтырып койгон. Отуна куйкаланды, суусуна чөмкүдү, түрмөнүн боткосун жеди, кайра эркин кушка айланып кеңири талаада кайкып учту. Бирок, саясаттан четке чыкпады. Себеби, ал көңүлү калса деле саясат кайра аны өзүнө магниттей тартып алар күчү бар. Ошол үчүн айланып келип калат кайра эле кусалыгы күчтөнүп.

Арийне, 2015-жылдагы өткөн парламенттик шайлоодон олжосу кокучуна толгон жок. Тескерисинче шылуундук жагынан эч кимди алдына салбаган Өмүрбек Бабановдун “курмандыгына” айланды. Чогулткан каражатынын басымдуу бөлүгүн “тандемдеши” сугунуп койгону боюнча кызыктуу кептер чыккан кезинде. Анын чындыгы бар экенин Камчыке өзү деле танбайт. Ошондуктан былтыркы президенттик шайлоодо Өмүкеге жакын жолобой Сооронбай Жээнбековду колдоду. Болгон дараметин жумшап, ак ниетин буруп кызматын чегерди. Эми ажонун кан тамырынын азыр кандайча сокконун жалгыз өзүнөн башка эч ким толук билбейт. Көрсө саясаттын куржунунда арамы да, адалы да бирге жүрөт экен.

Жакында өткөн курултайга Ташиев мурдун салбаганына көпчүлүк туура баасын берди. Анткени ар дайым карышкырдын терисин тескерисинен жамынып алып, койлор турган короого жылып келгенсиген кишилерге анчалык ичи ээрип кетпегени билинди. Эгерде Нариманга окшоп популисттик кылгысы келсе курултайдын эшиги Камчыбекке кеңири ачык болчу. Ошолордун арыгын чаппаганы үчүн, өз көз карашы бар экенинен улам курултайга барбай койуп кыйла абийир таап алды десек неге болбойт? Мурдатан таза жүргөн, калыстыгы менен калкка кадыры сиңген адамдар курултайдын башында турса башкача сезим жаралмак. Баягыл эле сууга алып барып сугарбай келүүгө маш болгондор курултай деп какшаганы үчүн Ташиевдин табити ачылбаса керек. Негизи Камчыбек мырзанын соңку чабыттары көпчүлүктү кайдыгер калтырбасына ишеним бар. Буйруса учуру келгенде Ташиевдин жылдызы жаркырап күйүп кетээрине ишеним жаралып баратканы жөн жерден эместир…

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу