Балыкчынын чуулуу мэринин ордуна жаш кадр келди

Балыкчы шаарынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды.

Белгилей кетсек, шайлоо 14-май күнү өтүп, анда эки талапкер ат салышкан. Алгач алар өз программалары менен тааныштырышкан.

Натыйжада «Замандаш» фракциясынан чыккан Кудайбергеновго 31 депутаттын 22си добуш берсе, «Кыргызстан» фракциясынын атынан талапкер болгон Мирбек Шакировду 9 депутат колдогон.

Айрым ЖМКлардын жазганы боюнча, жаңы шайланган мэр Токмоктун шаардык кеңешинин депутатынын уулу жана жергиликтүү кеңештеги депутаттын иниси. Ошондой эле Кудайбергенов Жогорку Кеңештеги депутаттардын бирине жардамчы болгону да айтылды.

Мындан тышкары, жаңы мэр өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү, ушу тапта Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген Узарбек Жылкыбаевдин бажасы экени белгилүү.

Эске салсак, Балыкчынын мурунку мэри Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал 2018-жылы август айынын ортосунда Facebook баракчасы аркылуу айрым жарандардын сын-пикирине орой сөздөр менен жооп берип, бул жоругу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. Кийинчерээк Балыкчы шаарынын мэриясы Facebook баракчасы аркылуу Мамбетовдун социалдык баракчасын ниети каралар бузуп кирип, орунсуз сөздөрдү жазды деп актанууга аракет кылган.

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу