Балаңызды байкадыңызбы?

Окумуштуулар баланын узак уктоосу менен ал жеп жаткан тамактын ортосундагы байланышты тапты. Изилдөө 8 жаштан 11 жашка чейинки 37 баланын арасында жүргүзүлгөн. Ошону менен катар анын ичинде 27 пайызы ашыкча салмактан кыйналышары белгилүү болду.

Американын педиатрия академиясына шилтеме жасап, «Pediatrics» журналы жазгандай, бала узак уктаган сайын азырак тамак ичери аныкталган. Күнүнө 10 сааттан ашык убакыт уктаган балада курсагы ачканына жооп берген лептин гормону азаяры белгилүү болгон. Ал эми уйкусуздук менен ооругандар же аз уктагандар өз курдаштарына караганда, көбүрөк тамактанат экен.

Изилдөө учурунда балдар бир жума ичинде үйдө өздөрү көнгөн убакыт өлчөмүндө укташкан. Андан кийин алар дагы бир жумага уктаган убактысын 1,5 саатка узартууну же азайтуусу керек болгон. Үчүнчү жумада бул эки топтун «ордулары алмаштырылган». Жыйынтыгында окумуштуулар узак убакыт уктоо жеп жаткан тамактын өлчөмүнө жана салмактын азаюсуна алып келээрин аныктаган.

БУЛАК:zaman.kg



Сиздин пикир