Бажыдагы Бегалиевнаны Матраимов менен кандай байланышы бар?

Өткөн сандарда «Бажыдагы төрт тамга» деген темада маалымат берген элек. Ошол маалыматта Лола Бегалиеана деген айымдын аты аталган эле. Ал ким эхкендигин, кандайча серый кардиналга айландыргандыгы боюнча кат куржунубузга маалыматтар келип түштү. Көрсө дал ушул Лола айым Раим Матраимовдун түштүк бажысын мыкчып тургандан берки кадырлуу кадры экен. Кийин борборго келгенде өзү менен кошо ала келиптир. Мындан тышкары учурдагы Бажы башчысы Алмаз Оңолбеков баш, орун басарлары Рустам Мамасадыков, Ражавалиевдер төш болуп Раим Матраимовдун кереги менне тең айланган кадрлары баарына маалым. Раимбек Матраимов  бажыдан кетени менен анын кадрлары мурдагыдай эле коррупциялык системаны иштетип, Раимдин капчыгын калыңдатып жатканы бештен белгилүү. Бир эле мисал, Бажыга Кубанычбек Кулматов кайра төрага болуп келип, бажыдагы Раим МАтраимовдун системасын бууп, аны ишке ашырып келген жүгүрүктөрүн иштен алып, ордуна таза жигиттерди дайындап, бир эле түштүк бажысынан түшкөн каражаттагы айырма асман менен жердей болгон. Ошентип Кулматов келгени Бажыда мыйзамсыз уурдалган каражаттарга бөгөт коюлуп, өлкө казынасына миллиондогон долларлар түшө баштаган. Мындан көп өтпөй Кулматов коррупция беренеси менен айыпталып, иштен алынып анын ордуна Раим миллиондун кол баласын Алмаз Оңолбеков дайындалды. Албетте, мындай кадрдык жүрүштөрдүн орун алуусуна Раимбек Матраимовдун таасири чоң экени талашсыз. Ошентип, Оңолбеков Кулматов түздөп кеткен системанын ойронун чыгарып, таза жигиттерди мыйзамсыз иштен алып, кайра эле баягы уурулук системаны ийгиликтүү ишке ашырып келген балдарын алып келди. Ошентип, бажыда кайрадан башаламандык орноду. Мурун «үч тамга» деп ИИМ менен УККны айтчу элек. Азыр «төрт тамга» деп Раимди айта турган абалга келдикпи? Ушул айтылгандар боюнча Өлкө башчы, өкмөт башчы чара көрбөсө болбойт! Келечек канча тамга болот?

БУЛАК: Факты. кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу