Бабановдун бир тууган эжеси каттуу ооруп жатат…

Кыргызда: “шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөөрбүз, бакылдаган текени суу кечкенде көрөөрбүз”, деген макал бар. Бул макалдын ээси учурдун жаңылыгы болгон Өмүрбек Бабановго таандык десек болот.

Так ушул таптарда Өмүрбек Бабановдун дарегине бири “коркок” десе, бири “туура кылды” дешип ар кандай сын-пикир айтууда. Өздөрү «мамлекеттин стабилдүүлүгүн ойлодук» деп, «типа» акылдуулук кылдык дегендей таризде. Канткен күндө дагы Бабанов саясатта чабалдыгын көрсөтүп экинчи жолу майданда эшектен кулап түштү.

Биринчисине Ош шаарындагы айткан сөзүн себеп кылып мурдагы президент кылмыш ишин козгосо, экинчисине себеп анын “Сүмбүлдөрү” болду.

Эмнеси болсо дагы Бабановчулардын түзгөн планы ишке ашпай, ырлары ырдалбай, салюттары атылбай калды.  Албетте Бабановдун бул жолку акчасы президенттик шайлоого караганда аз чачылды.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Бабановдун кара сандыгынан Талас облусуна эле 10 млн сом, Нарын шаарына жалпы бөлүнгөн сумма белгисиз, бирок келген кишинин башына 5 миң сомдон каралган. Ошондой эле лидерлерине, экс-мамлекеттик кызматкерлерге “жогорку кызматтар” менен дагы кызыктырылган.

А баса, учурда Ак үйдө креслодо талтайып, курсагын кашып олтурган Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү тим гана олтурган эмес. Алар мамлекеттик унааны пайдаланышып, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарына чейин элдин кызыкчылыгын унутуп, Бабановдун кызыкчылыгын көздөп жетип барышкан. Барганга шарты жоктор бир-бирине тымызын тийешелүү комиттер жана бөлүнгөн ведемостволор аркылуу коңгуроо чалып, Бабановду колдоого үндөп турушкан.

Тилекке каршы Бабанов өлкөгө келбей калгандан кийин баштарын шылкыйтып, Ак үй тарапка актанып турган убактары. Ак үй  ички душмандарына кандай чечим чыгара тургандыгын азырынча билбейбиз, бирок калдайган калың эл көпчүлүк саясатчыларга “саясый сойкулар” деген мөөрдү колдоруна эмес беттерине басып коюшту.

Ошентип, Бабановдун “лашара” кеңешчилери азыр ар кимден акыл сурап, элден сөгүү жеп, жазды жаадырап тосуп турган убагы. Бул экинчи саясый оюнда Бабанов “кемчонтой”  кеңешчилерине жем болуп кала берди.

“Кыс-та-ти” эмдиги кезектеги саясый шойкум 23-апрелде Атамбаев колдон-буттан тартып, камакка алган ӨмүрбекТекебаевда.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу