АЧУУ КАБАР — Урмат Акунов: “17-мартта Атамбаев ызы-чуу жаратса, бийлик аны тез арада камакка алышы керек”

Жакынкы арада эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы коогалаңында каза болгон маркумдарга Куран окутат деген кабар желдей жер-сууга тарады.

Бүгүн, 13-мартта Аксы Акыйкат Апрель коому жана саясый курмандыкка алынган Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акуновдор чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Урмат Акунов NazarNews.kg маалымат агенттигине пикирин төмөнкүчө билдирди.

—Жыйында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 17-мартта “Форумда” элди чакырып алып, Куран окутуп жатканы туура эмес экендиги айтылды. Анткени Атамбаев өзүнө саясый упай топтоонун аракетин кылып жатат. Эгерде Атамбаев мамлекет үчүн күйсө президент болуп турганда эстеп коюшу керек эле. Мисалы үчүн мага жеткен маалыматка таянсак 17-мартта Алмазбек Атамбаев калп эле Куран окуткан киши болуп ошол күнү элди чакырып, бийликке саясый чабуул коё тургандыгы тар чөйрөдө айтылып жатат. Ал тургай ал акырындык менен алыс жакындап киши топтоп, саясый бурулуш жасоого аракет кылып жаткандыгын уктук. Атамбаев 6 жыл мамлекетти каалагандай калчады. Шоопурду мамлекеттик кызматка алып барып, катардагы милицияны генерал кылды. Элди теңине алган жок, кен-байлыкты каалагандай өз кызыкчылыгына колдонду, эми Куран окутуп эч кимге жагынбай эле койсун… Элди тынч койсун, эгерде чагымчылдык тукурук жасаса бийлик тез арада мыйзам чегинде чара колдонуп, Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрүн камакка алышы керек, — деди саясый курмандыкка чалынган Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу