Ачууну жеңүүнүн жолдору…

Көптөгөн адамдар ачууга алдырып, жакындарын ирээнжитип алган учур көп катталат. Мындай абал туугандар жана жакындарыңыз менен болгон карым-катнашта терс таасирин тийгизет. Ошол себептен аны жеңе билүүнүн жолдорун сизге сунуш кылабыз.

1.Эгерде бирөө сизди капа кылып, ызаландырып жатса, кырдаалды ансайын күчөтпөө үчүн оозуңузду жаап, сыртка чыгып кетиңиз. Ал адамдын көңүлүн оорутуп албоо үчүн алысты көздөй басып кетиңиз.

2.Кырдаалды башкача көз караш менен кароого тырышыңыз. Өзүңүзгө суроо салыңыз: Эмне себептен ачуу жана ыза сизди түйшөлтүп, ойлондуруш керек? Негизинде эмоция адамды, адам эмоциясын башкарууну үйрөнө билиш керек.

3.Ичиңизден он мүнөткө чейин санаңыз. Мына ошондо бираз болсо да демиңизди терең жутуп, өзүңүздү кармоого аракет кыласыз.

4.Эмне үчүн мен ачууланып жатам?,-деп суроо салыңыз. Сизди ачуулантып жаткан адамдын максатын орундаткыңыз келеби же аны душманга айландырып алган жакшыбы, ал тарабын терең ойлонуңуз. Анткени, кандай гана кырдаал болбосун бардык нерсе убакыттын өтүшү менен жайына түшөт.

5.Эгерде сиз бирөө менен урушуп, сизди капа кылган болсо, маанайыңыздын жоктугун башкалардан чыгарып алган туура эмес. Анын ордуна спорт менен машыгыңыз жана велосипед тебиңиз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу