Атасы, агасы да депутат, эми өзү мэр болду…

Кечээ күнү Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары Балыкчы шаарынын мэрин шайлашты. Балыкчы шаарынын мэри кызматына “Замандаш” фракциясынан Кудайбергенов Марат, ал эми “Кыргызстан” фракциясынан Шакиров Мирбек ат салышты. Жыйынтыгында 26 жаштагы Кудайбергенов Марат депутаттардын 22 добушун алып, мэр болуп шайланды. Эскерте кетсек, Балыкчы шаардык кеңешинде 5 фракция депутаттык мандатка ээ. “Замандаш”-10 мандат, “Кыргызстан”- 6 мандат, КСДП-5 мандат, Өнүгүү-Прогресс-5 мандат, “Республика-Ата Журт” -5 мандат.

Кудайбергенов Марат Ж. Баласагын атындагы КУУну “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн. 2011-жылдан 2017-жылга чейин – “Алыш Сервис” ЖЧКнын башкы директору, 2017-жылдын августунан баштап КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, 2019-жылдан тарта “КР Президентинин №2 мамлекеттик резиденциясы” ММнын маркетинг жана бош убакытты уюштуруу кызматынын начальниги. Анын атасы жана агасы Токмок шаардык кеңешинин депутаттары. ЖМКларда бул жаш мэр президент менен куда экендиги айтылууда.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу