Атамбаев эл астына чыгып, бетин ачып алды. Аягы кандай бүтөт?

Былтыр Алмазбек Атамбаев элге чыга албай, ага карата бир топ саясый күчтөрдүн нааразычылыгы курчуп, үйүндө чүнчүп отурчу. Азыр болсо кааласак-каалабасак да ал эл астына чыгып алды. Үч-төрт жолу телеканалына интервью берип, «Медиа Форумдан» ар кандай иш-чараларды уюштуруп, саясаттын сахнасына кайрадан көнүшө баштаганы коркунуч жаратууда. Былтыркыга караганда ага карата маалыматтык согуш да басаңдап, керек болсо «форумчу» пиарщиктердин үстөмдүгү жанданууда.

Негизи эле Атамбаевди «тирилтүүгө» бийликке кошомат кылган саясатчылар болду да. Сотко берип чыгышты, ар кайсы тарабынан атырыла сүйлөп атышты, шыбашты. Тилекке каршы, Атамбаевди басынта алышпай күчөтүп жиберишти.

Эми болсо КСДПнып саясый кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев 23-апрелде боло турган «Ата Мекен», «Мекенчил» партияларын колдоого алышарын билдиришти. Бул дагы кайсы бир деңгээлде бийликке карата коңгуроо.

Баса, учурда Атамбаев саясатчылар жана бейөкмөтчүлөр менен иштешип, айланасына азуулуу күчтөрдү тарта баштады. Өткөндө КСДПнын съездинде июнь айынын башында митинг кылууну да айтышкан. Сапар Исаков ж.б. тарапташтарынын камалганына бир жыл толот экен. Бул митинг туристгик сезондун ачылышында элибизге кедирин тийгизиши мүмкүн. Инвестициялык климатты да бузары шексиз. Өлкөдө канчалык митинг, пикеттер көп болсо, бийликтин кадыры кетерин, алсырай башташын өткөн практикалардан сабак катары алсак болот. Сыягы, Атамбаев мындан ары жөн жатпай, күчөй бериши күмөн эмес. Жолун табуу керек, убакыт аз…

Булак: AЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу