Атамбаевдин кийинки кадамы…

Экс-президент Атамбаевди кылмыш жоопкечилигине тартуунун жолдорун издеген Жогорку Кеңештин бир далай депутаттарынан турган атайын коммисия түзүлдү. Биринчи кеңешме жабык түрдө өттү. Ошол комиссиянын мүчөсү Строкованын айтымына караганда, бул кеңешмеде иштөөнүн тартиби бекитилди. Комиссия күндө иштемей болуп, жетекчилигине Каныбек Иманалиев дайындалыптыр.

Депутат эч кандай эмоцияга алдырбай, ал же бул тарапка тартпай иштей тургандыктарын маалымдады. Чындап эле экс-президенттин аракеттеринен кылмыштын ачык белгилери бар болсо, анда иш козголот. Башкы прокуратурага  тапшырма берилип, бардык маселени юридикалык негизде аныктап чыгуусу керек. Кылмыштын так белгилери далилденсе, башкы прокуратура экс-президентин кол тийбестигин алып салуу тууралуу парламентке кайрылуу жолдойт.

Эгерде Жогорку Кеңештин курамынын үчтөн эки бөлүгү макулдугун берсе, экс-президент кол тийбестик укугунан ажыратылат.  Ошондон кийин аны катардагы атуул сыяктуу эле жоопко тартууга, камап салууга жол ачылат.

Эгер окуя ушундай багытта өнүксө, “аягы эмне болуп бүтөт?”- деген суроо жообу жок калууда.  Дагы бир татаал суроо Атамбаев өзү кандай кадамга барат?

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу