Асылбек Жээнбеков: Уурулар жооп берсин

КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишимди ратификациялоодо Жогорку Кеңеш макулдугун бергенин белгилеп, парламент депутаттарынын, ошол кездеги төраганын жоопкерчилиги тууралуу маселени 14-февралда парламент отурумунда көтөрдү.

Карамушкинанын сөзүнө экс-спикер Асылбек Жээнбеков жооп берип, депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айтты:

— 9-10-сентябрда биздин комитеттер караган, 11-сентябрда өкмөт келишимге кол койду. Кайра декабрда өкмөт бизге даяр мыйзам долбоорун жиберип, «мыйзам долбоорун токтоосуз карап берсин» деген ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлган каттын коштоосунда келген. Ошондуктан, бир күндө үч окуудан карап, өткөрүп бергенбиз. Мындай, «кечиктирилгис, кезексиз, токтоосуз каралсын» деген мыйзам долбоорлору парламентке мурда да келип жүргөн, азыр деле келип жүрөт. Уурулар жооп бериш керек.

Жээнбеков бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарып бергенин белгилеп, элдин да, парламенттин да ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актаган жок деген бүтүм чыгарды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу