Анжелика Кайратова хансарайда конокто болду

Ырчы Анжелика Кайратова Италиянын Турин шаарындагы эң чоң хан-сарайда бир күн жашаганын кабарлады.

“Кыялымда чыныгы ханышанын сарайына — замокто конок болуу эле. Өмүрүмдө биринчи жолу хан-сарайда бир күн болсо да жашадым. Италиянын Турин шаарындагы эн чоң хан-сарайда элди кыргызча жасалгаланган кооз көйнөгүмө суктандырып кийип жүрдүм”,-деп маалымдады ырчы.

Эскерте кетсек, Анжелика Кайратова буга чейин 20 күндүн ичинде он мамлекетти кыдырып саякат жасоону максат кылып жатканын билдирген.

Турин Италиядагы чоңдугу жагынан Рим, Милан, Неополдон кийинки төртүнчү шаар.Бул шаардагы хан сарайлар XVI-XVIII кылымдарда курулуп, туристтер эң көп келген жайлар болуп саналат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу