Аманбай Кайыпов жогорку жактагылар менен соодалашып: «Мен губернаторлукту өткөрүп берсем мага эмне кызмат бересиңер?» дегени кандай?

Нарын областынын губернатору, азыркы аталышы менен айтканда Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматынан кетет-кетет болуп жатканына бир топ өттү. Бирок, айлакер Аманбай Кайыпович, улам бир амал ойлоп таап (арызыңды жаз десе ооруканага жата калган сыяктуу) кызмат ордун сактап келе жатат. Анан калса соодалашып атыптыр, «Мен губернаторлукту өткөрүп берсем мага эмне кызмат бересиңер?» деп демитип. Айтор, айлакерлигинен кызматында олтурат. Мейли олтурсун дейли, бирок, губернатор болуп келгенден бери бир топ убакыт өтсө дагы оозго алынар бир дагы иш жасай алган жок. Качан караба шаан-шөкөттөн башы чыкпай, той-топурларда эле жүрөт. Бери дегенде айыл-чарба багытында алгылыктуу программа түзө албады. Дыйкандар кайсы түшүмдү эксе пайдалуу болорун азыр билишпейт. Картошкадан миллиондогон чыгымга учурады. Мал чарбачылыгы да «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын» кейпин кийип калды. Кайыповдун буларга башы ооруган жок, жеке ишкерлер жасаган иштердин башында тура калып «лента» кыркып, күнүн өткөрүп жатат. Мындай илең-салаң немени өкмөт эртерээк кетирип, башаламандыкка чекит коюшу керек.

—Аманбай Кайыпович, былтыр Нарындын этин Туркияга экспорттойбуз деп күпүлдөп жаттыңыз эле. Андан бери канча эт экспорттодуңуз? Губернатор катары Нарында көп убакыт болосузбу же Бишкектеби ? Дегенибиз, сизди Бишкектен көп көрөбүз. Картошка быйыл текейден арзан болду. Аны сатууда жетекчи катары кандай аракеттерди жасай алдыңыз? Жок дегенде картошка эккен дыйкандардын алдына барып, эмне себептен картошканын арзан болгонун айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзө алдыңызбы?
Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу