Альбина: «Үй бүлөсү бар агайымды сүйөм…»

Атым Альбина, ЖОЖдордун биринде үчүнчү курста окуйм. Окуу жылы башталгандан бери экономика сабагынан берген агайыма ашыкмын. Агай эмнегедир мага өзгөчө мамиле кылып, сабак учурунда белимден сылап тийише берет. Мен ушул убакка чейин эч ким менен жетелешип жүрбөгөнгөбү айтоор, агайдын колу тийсе эле денем дүркүрөп өзүмө ээ боло албай калчудай абалга кептелгендей болом. Кыялдарымдын бир түпкүрүндө кыздыгымды ушул агайым алса экен деп тилеп кетем.

Бирок менин таттуу кыялдарымды мен үчүн жагымсыз жагдай бузуп койду. Укканыма караганда мен сүйгөн агайдын үй-бүлөсү бар. Баардыгын  билип туруп, бирок  сүйөм. Төрт жолу сезимимди билдирип, кат жаздым, жооп келген  жок. Ал мага өзү тийишип сезимдеримди козгоп коюп, кайра сезимдеримди жоопсуз калтырганына бир чети ыза болом.

Мен курактуу жаш балдар менин табитиме дал келбейт.

Окуу жайда сөз айткан жигиттер көп, бирок көзүмө эч ким көрүнбөйт. Оюмда  агайыма турмушка чыкпасам да, анын убактылуу болсо дагы мээримине бөлөнүп, ойношу болгум келет. Жашоомдогу баардык жакшы тилек-кыялдарымдын баарысы аны менен байланышкан.

Кээде өзүмө жиним келет, эмнеге ушул окуу жайга тапшырдым, эмнеге жолуктурдум деп, бирок ансыз жашоомду элестете  албагандыктан, кайра коркуп кетем. Ал жок, мага жашоо караңгы.

Мен каалаган нерсемди жашоодон алып көнгөн кызмын. Ата-энемдин жардамы менен мен укмуш күчкө ээ болом. Аларга абалымды айтып, аялы менен мамилесин бузуп, үй-бүлөсүн бүлүндүрүп, агайымды тартып алсам, аялынан көңүлүн калтырып, өзүмө каратып, сүйдүрүп алсам күчүм жетеби?

Билем менин бул кыялым көпчүлүккө жакпасын. Бирок мен артка кайтпай турган жолдомун. Жаман сөз жазып кереги жок менин дарегиме. Көптү көргөн эжелерден жардам сурайм.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу