«Аласынан» илинген Ташиев ар убак бир позицияда жүрɵбү?

Камчыкени да карылык тооруп калган ɵңдүү. Ой, кадимки эле Камчыбек Ташиевчи, ошону айтып атам. Омбу-домбу мүнɵзү менен ойду-тоону дɵɵрүп койчу болду. Кечээ жакында «Ɵмүрбек Текебаевдин эки жүздүү экенин билбептирмин» деген мааниде маек берип божураптыр. Ыя, айланайын Камчыке сиз жалаң кат бир жүз менен эле жүрɵм деп айта аласызбы? Ɵзүңүздү бир позицияда келе жаткан адам катары эсептейсизби? Сɵзүмɵн тайбаган жигитмин деп нан кармап, «тузга сийип» айта аласызбы? Ушул Текебаев тууралуу айтып аткан сɵзүңүздүн ɵзү эки жүздүүлүк эмеспи, ыя?

Кичине артка кылчаялы, сиз Курманбек Бакиевдин «МЧС» министри болуп олтурганда так ушул Ɵмүрбек Текебаев жигиттик позициясы менен сизди министр кылган бийликке сын айтып жүрбɵдү беле? Биз камалганда Ɵмүрбек Чиркешович калыс пикирин айткан эмес депсиз. Сиз Чыңгызханчасынан ак үйгɵ секирип алааңызды айрытып атсаңыз Текебаев кантип сизди колдоп сүйлɵйт, ойлонсоңуз боло… Кечээ жакында сиз бийликтен «шыбага» үмтɵтүп ажого талапкерлер менен жетелешип сүрɵткɵ түшүп жүргɵндɵ ошол Текебаев камакта болсо дагы калыс пикирин айтып олтурбады беле? Сɵз деп эле сүйлɵй бергендин ордуна кичине акыл калчап кɵрбɵйлүбү? Эр болсоңуз артынан сүйлөбөй Өмүкенин бетине айтпайсызбы же бетме-бет келгенде «мандраш» кармап өзүңүздү жоготуп, кучактап кошомат кылып жибересизби? Бир позицияда жүргөн үчүн саясаттан жолуңуз жабылып, улам эрге тийген келиндей болуп, ар-бир саясатчынын колун кармап жүрөсүзбү? Мындайда, «саясий сойку» деп койчу беле? Президенттик шайлоонун алдында Бабанов менен эч качан бирикпейм деп алып, бийликтен устукан тийбей калган соң, Бабановду Москвага чейин издеп барып, адатыңызча кучакташып сүрөткө түшкөнүңүз сиздин бир позицияда  турганыңызды айгинелейби? Ыя, кокуй күн…

Айтмакчы, Камчыбек Кыдыршаевич эки жүздүүлɵнбɵй бир позицияны карманып жүргɵн үчүн бийликте эмес же оппозицияда эмес орто жолдо калдыңызбы?!

Булак:ЧЫНДЫК



Сиздин пикир