Акылбек Жапаров Кыргызстандын карызын «куруттай» санап берди.

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты:«Мен Датка-Кеминге насыя алып жатканда каршы болгом»

— Акылбек Үсөнбекович, сиздин Бишкек ЖЭБди модернизациялоого деп алган 386 млн доллар насыяны алууга каршы болгонуңуз маалымат каражаттарында айтылды. Кайсыл негиз менен каршы болгонсуз?

— Мен 2012-жылы 6-сентябрда отставкага кеткем. Андыктан мен Каржы министрлигин жетектеп турган кезде Бишкек ЖЭБге алган 386 млн доллар насыяга тийешебиз болгон эмес. Мен 2005–2008-жылдары жана 2012-жылы Каржы министри болуп иштедим. Кошуналардан карыз алгандан аябай абайлачумун. Анткени, кошуналардан түздөн-түз карыз алсаң, алардын мыйзамдарын билбейсиң, алардын шартына көнүшүң керек болот. Бирок, карыз алуунун бөлөк жолдору бар. Алар көп тараптуу каржы институттар. Азыр ошондой институттардын бири АФИИ (Азиатский фонд инфраструктуры и инвестиций) деп түзүлдү. Мына ошондой каржы институттардан карыз алышыбыз керек. Кытайдан же кытайдын банктарынан түздөн-түз насыя алганыбыз ыңгайлуу болбойт. Мен Датка-Кеминге насыя алып жаткан кезде өзүмдүн позициямды ачык айткам. Алган карыздын төлөө мөөнөтүн 20 жыл кылбай, 30–40 жыл кылсак болот болчу дегем. Эгер чыр-чатак чыга турган болсо Москвада орус тилинде, же болбосо англис тилинде Европанын бир шаарында каралсак жакшы болот эле. Датка-Кемин электр тогун өткөрүүчү чубалгыларга насыя алып жатканда эгерде чыр-чатак болсо бүт баары Кытайдын мыйзамы, Кытайдагы соода-сатык палатасынын эрежелери менен кытай тилинде жана Пекинде гана каралат деп каралып калган. Бизде андай адистерибиз жокко эсе болгондуктан, мен Каржы министри катары өзүмдүн сунуштарымды бергем. Тилекке каршы ал сунуштар эске алынган жок. Азыр кандай болсо, ошондой кетип баратат.

— Демек, сиз Кытайдан Бишкек ЖЭБине эмес, Датка-Кеминге насыя алууга каршы болгонсузбу?

— Туура, мен Датка-Кеминге насыя алып жатканда каршы болгом.

— Сиз 386 млн доллар насыяны алып жатканда министр болбосоңуз, комиссия эмнеге чакырды?

— Депутаттык комиссия Каржы жана Энергетика министри болуп иштеген мурунку министрлердин баарын чакырышкан экен. Аскар Алимбаевич экөөбүз 2012-жылы 6-сентябрда отставкага кеткенбиз, Бишкек ЖЭБине алган 386 млн долларга эч кандай тийешебиз жок деген сөзүбүздү айтып коюп чыгып кеттик.

— Сиз каршы болуп жаткан Кытайдын Эксимбанкы 386 млн долларды насыя берип жатып, ТВЕА компаниясы иштеши керек деген шартты койгону келишим башынан эле туура эмес түзүлүп калган деген шекти жаратпайбы?

— Муну толук анализдеп, кагаздарын карап чыгыш керек. Ар бир өлкөнүн экспорт-импорттук банктары бар. Алар сөзсүз түрдө өзүлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнө шарт түзгөнгө аракет кылышат. Ошондуктан Кытайдын экспорт-импорттук банктары да биздин ушул компания менен иштешесиңер деп шарт коюшу мүмкүн. Бирок, кайсыл конкреттүү фирманы тандап аласыңар, кандай механизм менен тандап алуу каралат дегенди иликтесе болот. Эгер Кытайдын өнүгүү банкынан насыя ала турган болсок, алар накталай акча беришет. Өзүбүз тендер жарыялап, иштей турган фирманы тандап алат элек. Польшадан дагы ушул күнгө чейин 40 млн доллар насыяны ала албай жүрөбүз. Анткени, алар дагы ошондой шартты коюшуп, силер Польшадагы фирмалардан гана технологияларды сатып алгыла деп атышат. Кудай буйруп Кыргызстан дагы бутуна туруп, өзүнүн экспорт-импорттук банкын түзсө, биз дагы бөлөктөргө насыяга акча берсек, өзүбүздүн фирмаларды алгыла дейбиз. Жакынкы эле мисал, Өзбекстан 100 млн долларды Кыргызстандын коммерциялык банктарына берди. Бирок, Өзбекстандын товарларын Кыргызстанга алып келип сатам дегендер гана берүү талабы менен.

— Датка-Кеминге дагы насыяны Эксимбанк бергенби?

— Ооба, анда дагы Кытайдын Эксимбанкы берген.

— Андагы келишимде ушул фирма иштесин деген шарт каралган беле?

— Биздин фирма тажрыйбалуу экен. Ушул фирманы аласыңар, ошол иштейт деген талап бар болчу.

— Датка-Кеминде дагы ТВЕА фирмасы иштебеди беле…

— Ооба, анда дагы ТВЕА деген фирма эле.

— Түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдүү авто унаа жолго дагы Кытайдын эспорт-импорттук банкы насыя бербедиби. Жолду салып жаткан фирманы кытайлар таңуулаганбы?

— Бул жолго дагы Кытайдын экспорт-импорттук банкы насыя берем деген. Кытайдын фирмасын тандап алган. Азыр Кытайдын фирмасы куруп жатат. Бул экономикалык саясаттагы өзүнүн өндүрүшчүлөрүн колдой турган бирден-бир чоң рычагдардын бири.

Булак: Жаңы ОРДО



Сиздин пикир