Айнур: «Сулуу курбуларымды жашоомдон чийип салгам. Себеби…»

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында сулуу кыздарды жаман көрөрү айтылат.

Кутмандуу күнүңүз менен! Мен 22 жаштамын, жакында сүйгөнүмө турмушка чыгам. Психологдун кеңешин уксам дедим эле.

Силер мени кызыктай адам экен деп ойлошуңар мүмкүн, бирок мага менден сулуу кыздар жакпайт. Бардык сулуу кыздар менен сүйлөшпөйм: сулуу курбуларым менен классташтарымды жашоомдон чийип салгам. Баары качан башталганы эсимде жок. 

Жакында той, кимди курбу кылаарымды да билбейм.

Кичинебизде чогуу ойноп чоңойгон тууганым бар. Аны көптөн бери көрө элек болчум, телефондон сүйлөшүп, курбум болуп берүүсүн айтсам, дароо макул болду. Кечээ жолуктук, сулуу болуп кетиптир. Эми кантип баш тартсам деп ойлонуп жатам. Ал сүйүнүп, даярданып жүрөт. Тойдо бардык көңүл менде болушун каалайм. Эмне кылсам болот? Мүмкүн мен оорулумун…

Ильдар Акбутин, психолог

Адатта, өзүн-өзү жетиштүү (самодостаточный) сулуу адамдар ыракаттануу менен айланасын өзүндөй сулуу адамдар менен курчайт. Сиз менен болуп жаткан нерсе өзүн-өзү төмөн баалоо комплекси деп аталат.

Сак эмес мындай невротикалык жүрүм-турумдун себеби балачакта: ата-эне баласын өз баласынан жогору сезген балдар менен салыштырат же дайыма баласынын кадыр-баркын ар кандай жолдор менен басмырлайт. Мындай механизм кийин абдан туруктуу болуп, баркын кетирген ата-энеси жанында жок болгондо, адам өзү улантып, өзүнө азап чектирет. Бул терең аң-сезимсиз процесс, өз алдынча арылуу кыйынга турат.

Ошондуктан, мен сизге тажрыйбалуу психологго кайрылып, өзүнө болгон бааны көтөрүү терапия курсунан өтүүнү сунуштайм. Демейде, 10-20 сессия жетиштүү жана бул көйгөйдү толугу менен унутасыз.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу