Аида Салянованын инисинин өлүмү тууралуу сот ишин улантат

Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда Аида Салынованын киши колду болуп каза болгон бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум уланат.

Маалыматка ылайык, соттук отурумда негизги күбө катары Олег Тярт тергөөдө айткан көрсөтмөсү боюнча суроолорго жооп берет.

Экс-депутат Аида Салянова  буга чейин, кылмыш ишин тергөөдө маанилүү учурлар камтылбай калганы жана Орусияда кармалган шектүүлөрдүн сотко алып келинбей жатканы ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратканын билдирген.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу