Азимжан Аскаров түрмөгө которулду…

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакка которулду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова №19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынганын, Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу №47 абакта да кармалып турганын билдирди.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Февралдын аягында Аскаровдун аялы Хадича Аскарова, адвокат Валериан Вахитов жана «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберишкен.

Анда быйыл күчүнө кирип, иштей баштаган жаңы кодекстерге ылайык жашы 60тан ашкан соттолуучуларга жеңилдик берүү тууралуу өтүнүч жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу