Азикенин айтаар коррупционерлери кимдер?

Айрым саясатчылар унутулуп бара жатканда эле бир нерсени ойлоп табышып, бирөөнүн артына суу куюп, бирөөгө пахта коюп өздөрүнүн аттарын чыгаргысы келет. Өткөн аптада кадимки “революциянын бульдозери” каймана аты бар Бекназаров пресс-конференция берип, буга чейин курултай өткөрүп, бийликке бир нече талап койгонун, бир жыл убакыт бергенин, бирок бийлик бир дагы талапты аткарбаганын айтып ийинин куушурду. Бийлик эчак эле кадыры кайтыш болгондор менен эсептешмек беле. Керек убагында колдонду, болду да. Ал эми келгин куш сымал бир келем деп кайра келбейм деген Бабанов тууралуу: өз каражатынан элди чогултуп, тозуп алат деген саясий сойкулар менен эсептешпей тургандыгын билдирди. Баарына кызыгы жакында коррупционерлердин тизмесин санап берем деп эмненин башын кылтыйтты. Азимбектин тизмесине кирбей калайын деп коррупционерлер чуркап келет дедиби? Азимбек Анаркулович, сизге кеңешибиз: коррупционерлердин санабай эле, коррупционер эместерди санасаңыз батыраак болот го. Азыр Бакиев кездегидей баатырлык мүнөздөгүлөрдү эч ким тоготпой калган. Болбосо Раим Миллион бир нерсе болот эле да, туу-рабы? Анан коррупция дей бергенден, нымдалган оозубуз халва даамдангандай болуп кете элек. БУЛАК: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу