Азиз Батукаевдин сый-урмат менен чыгып кетишине дагы кимдер жоопкер?

Депутат Тынычбек Акматбаевди, түрмөлөрдүн башчысын жана бир катар кызматкерлерди аттырып салган Азиз Батукаевдин кылмыш дүйнөсүндө кылбаганы жок, «Вор в законе» катары жабык жайларда өз мыйзамын катуу жүргүзүп, кыргыздын кырчындай жигиттерин «жалмаган» адамды Атамбаев башында турган бийлик сый-урмат менен бошотуп жибергени өтө өкүнүчтүү. Бул маселенин козголгону актуалдуу.

Ошентип, Динара Сагынбаева жана бир катар дарыгерлер камакка алынышты. Агездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалды. Тизме дагы узарат. Андагы президент Алмазбек Атамбаев, башкы прокурор Аида Салянова, коопсуздук кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Зарылбек Рысалиев, Турсунбек Акун, ж.б. жоопкерчилиги бар аткаминерлер талданышы керек. Азырынча бизге түшкөн маалыматтар боюнча ой калчап көрөлү.

Батукаевди чыгарууда кызык аксиома убагында маанилуү болгон. Бийлик бутактары баары жарнакташып, бир муштумдай түйүлүү менен «мыйзамдагы ууруну» коё беришсе, көмүскө каражат берилери, ошого катар ал Жаныш Бакиевди кармап келүүгө милдеттендирилди беле? Бул боюнча өздүк булактарыбыз каңкуулашууда. Натыйжада, жең ичинен сүйлөшүүлөр бап келип, Батукаевдин эркиндикке чыгуусуна шарт түзүлүп, пландалган иштер жүзөгө ашат. Бирок, кутулуп кеткенден кийин чечендин «чычырканагы» миллиондорду бергенин айтып, Жанышты кармап келүүдөн баш тартып койгонбу? Бул жагынан сүйлөшүүлөрдү кимдер жүргүзүшү мүмкүн?

Биздин баамыбызда, Шамил Атаханов менен Бусурманкул Табалдиев чечен диаспоралары менен тыгыз байланышта экени маалым. Азырынча Атаханов камалды, ал билгенин суракта кошумчаласа керек. Табалдиев болсо эркиндикте жүрөт. Эсиңерде болсо, бу киши коопсуздук кеңешинен кийин УКМКны жетектегенге жетишкен. Ошондо Муса Бажаев менен телефон аркылуу сүилөшкөнү сырткы кызматтар аркылуу жазылып, коомчулукка тараган болчу. Баарлашууда Бусурманкул Беркутович таластык жердеши Көлбай Мусаевди Жерүйдүн коопсуздук кызматынын жетекчилигине түртүп, Бажаевден суранып атканы калппы?

Дал ушулар менен байланышы кө-өп нерсени билдирбейби? Бул каарманыбыз коопсуздук кеңешин башкарып турганда Батукаевдин чыгып кетишине көшөгө артынан буйрук берсе, кийин Бажаев менен акылдашса, кандай ойдо калабыз? Чечендер аркылуу тымызын иштерди бүтүргөн жогорку чиновник катары былыктары ырасталабы? Албетте, суроолор көп. Бул жагын тергөө органдары казып көрбөйбү? Али кызыктар алдыда…

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу