Абылгазиев «Кыргызмунайгаздын» сатылганын туура көрөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компапниясын сатууну туура чечим катары көрөрүн айтып бакылдады. Бул туурасында: «Кыргызмунайгазды» көрүнгөн жеринен чычкан тешкендей тешип жатышат. Бул ишкана дүйнөлүк стандартка жооп бербейт. «Кыргызмунайгазда» ишген кызматкерлер мага «Газпром» компаниясы менен келишим түзгөнүңөр жакшы болот» деп жазып жатышат. Мен бул абдан тууpa иш болду деп ойлойм” — деп билдирди. Бирок өкмөт «Кыргызмунайгаздын» активдери орусиялык «Газпромго» кандай шарттар менен берилип жатканын азырынча түшүндүрө элек. Буга байланыштуу коомчулукта: “Абылгазиевге «Кыргызстанды сатып жиберсеңиз башыңыз балээден кутулат, жыртык экономикаңыз менен жыргабайсыз» деп бир коңшу олигарх кат жазса, сатып деле жиберчүдөй түрү бар экен” — дешип сынга алышты.

Булак:Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу