Абдил Сегизбаев Атамбаевди кантип сатты?..

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири болгон, анын арты менен бийликтин бийик сересине чыккан Абдил Сегизбаев деген жигит бар эле.

Мына ошол жигитти көпчүлүк эл, «Атамбаевди сатып кетиптир, форумга барбай качып жүрүптүр, өзүнчө офис ачып алып тымызын саясат жүргүзүп жатыптыр, Сооронбай Жээнбеков менен келишип алыптыр» деген сыяктуу айтып жүрүшөт.

Бирок андай сөздөргө ишенгиси келбегендер да бар.

Тилекке каршы, ишенимдүү маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Абдил мырза чын эле форум жактан качып жүрүптүр. Эмнеге? Суроо бирөө, жооп жок.

Атамбаев ага эмне жамандык кылды эле? Эгер ошончолук эле, азыркы президент Сооронбай Шарипович менен мамилеси жакшы болуп жатса, анда эки достун ортосуна түшүп элдештирбейби, эски шефи Атамбаевди коргобойбу?

Башкасынан күтсө да, Абдилден мындайды күтпөсө керек эле…

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу