Аалы Карашевдин карындашы камалабы?

Кандай бийлик келсе да, ал бийликтин тилин таап, «күн тийген жердин күкүгүнө» дароо айлана калчу кадимки депутат Аалы Карашев өзүн укмуш сезгендердин бири.

Бул адамдын саясый ишмердүүлүгүн тыкыр иликтеп койсо, далай былыктар чыкмак. Өзү эле эмес, анын карындашы Айназик айым да кылмышка шектүү адам катары айтыла баштады. Анын үстүнөн Бишкек шаарынын К. К. аттуужараны Ленин райондук милициясына арыз жазган. Буга себеп, Айназик айым бир адамды медакадемияга окууга өткөрөм деп 2500 доллар алып, бирок ишин бүткөрбөй койгон. Ошону менен акчаны да кайтарбай, көздөн кайым болуп жүргөн.

Милиция эми депутаттын карындашын камайбы? Же карындашы депутат агасына таянып, жазадан кутулуп кетеби? Адатта бизде, чоңдордун туугандары кылмыш жообуна тартылбай калчу эле.

Булак: Багыт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу